Кредиттик каражаттар чакан үй чарбаларынын менчик ээлерине, коммерциялык жана бюджеттик уюмдардын кызматкерлерине, ишкерлерге күрөө коюуну талап кылуусуз эле, топтук шериктештиктин негизинде сунушталат. Кредиттер коммерциялык сыяктуу эле керектөө максаттарына: бизнести өнүктүрүүгө, жүгүртүү каражаттарын толуктоого, майда үй чарбаларынын муктаждыктарын (жабдууларды, эмеректерди, техникаларды сатып алууга, жашоо шартын жакшыртууга, даарыланууга, окууга жана башкаларга) каржылоого берилет.

Максаттуу топ: Кыргыз Республикасынын иштөөгө толук жөндөмдүү, 18ден 65 жашка чейинки курактагы, алгылыктуу кредиттик таржымалга жана туруктуу киреше булагына ээ болгон жараны

Топтук шериктештиктин негизи: 3 адамдан 5 адамга чейин

Кредит суммасы: жаңы кардарлар үчүн (кредиттик таржымалы түзүлө электерге) 100 000 сом. Ал эми кайталап кредит алган кардарларга 200 000 сомго чейин

Пайыздык чени: жылдык 35% дан 39,8% га чейин

Кредит мөөнөтү: 24 айга чейин

Талап кылынган документтер:

Кыргыз Республикасынын жаранынын паспорту;

Бизнес жүргүзүүгө уруксат берген документтер — патент/күбөлүк;

Үй-бүлө курамын көрсөтүү менен жашаган жеринен маалым кат.