Жашыл кредит
"Жашыл экономиканы" өнүктүрүүгө кредит: тамчылатып сугаруу систиемасы жөнгө салынган күнөскана, суу топтолгон жай жана сууларды топтоо, сугат жана суу менен камсызоо үчүн каралган түтүктөр, жылытуу жана жарык берүү системасын модернизациялоо, жер кыртышын лазер менен текшилөө, изоляциялоочу материалдар, эко плюс маркировкасы басылган желдеткичтерди орнотуу, жаан сууларын топтоо системасын жөнгө салуу, органикалык жер семирткичтерди сатып алуу жана өндүрүү, биогаз жабдууларын сатып алуу, өсъмдүктөр, жашылча-жемиштер үчүн экологиялык жабдууларды сатып алуу жана өндүрүү, автоунаа үчүн газ жабдуусун орнотуу, кыймылсыз мүлктү кайра өзгөртүп куруу жана ремонттоо – турак жэайдын жылуулукту сактоо мүмкүнчүлүгүн арттыруу, күн нуру менен кургатуучу жабдуулар, электротескөөчүлөр, турак үйлөрдү жана жайларды күн нуру менен жылытуучу панелдер, күн нуру менен суу жылытуучу системаларды, электрэнергиясын иштеп чыккан фотоэлектр панелдерин орнотуу.
Максаттуу топ: Кыргыз Республикасынын иштөөгө толук жөндөмдүү, 18 ден 65 жашка чейинки курактагы, алгылыктуу кредиттик таржымалга жана туруктуу киреше булагына ээ болгон жараны.
Кредит суммасы: 15 001 сомдон 1000 000 чейин
Пайыздык чени:
- 15 001 сомдон 50 000 сомго чейин пайыздык чен: жылдык 39,8% – 39% -37% ;
- 51 000 сомдон 100 000 сомго чейин пайыздык чен: жылдык 39% – 38% -36% ;
- 101 000 сомдон 200 000 сомго чейин пайыздык чен: жылдык 38% – 37% -35 %;
- 201 000 сомдон 400 000 сомго чейин пайыздык чен: жылдык 37% – 36% -34% ;
- 401 000 сомдон 600 000 сомго чейин пайыздык чен: жылдык 36% – 35% - 33 %;
- 601 000 сомдон 800 000 сомго чейин пайыздык чен: жылдык 35% – 34% -32 %;
- 801 000 сомдон 1000 000 сомго чейин пайыздык чен: жылдык 34% – 33% -31.
Кредит мөөнөтү: 36 айга чейин
Талап кылынган документтер:
Кыргыз Республикасынын жаранынын паспорту;
Бизнес жүргүзүүгө уруксат берген документтер — патент/күбөлүк;
Кардардын кирешесин тастыктаган документ.