О компании

Биз тууралуу «Аманат Кредит» – бул, жеке инвесторлордун демилгеси боюнча 2006-жылы түзүлгөн коммерциялык уюм. 2018-жылдын декабрь айында Компания ребрендингден ийгиликтүү өтүп, «ФНТ кредит» МККсы аталышынан «Аманат Кредит» МККсына өзгөртүлгөн.

Компания түзүлгөн учурунан бери ыргактуу өсүшкө багыт алып, стратегиялык бизнести – максаттуу финансылык негизги параметрлер боюнча пландарды ийгиликтүү ишке ашырууну камсыз кылууга жетишкен.

«Аманат Кредиттин» миссиясы: Кыргыз Республикасынын калайык калкынын жашоо шартын кредиттик продукттардын кеңири түрмөгүн сунуштоо аркылуу жакшыртуу жана туруктуу өнүгүүсүнө өбөлгө түзүү. Бул миссия Компаниянын төмөнкүдөй баалуулуктарына негизденет: акыйкат чегинде иш алып баруу, ачык-айкындуулук, кесипкөйлүккө басым жасоо, кардарларга ар тараптан колдоо көрсөтүү, жамааттык иш, социалдык жана эколоиялык жоопкерчилик.

Ал эми уюштуруучулардын жана эмгек жамаатынын ургаалдуу учур чакырыгына шайкеш иш алып барууга жөндөмдүүлүгү, жогорку технологияларды колдонууга киргизүү, атаандаштыктын таасирине карата шайкеш чара көрүү компаниянын эң башкы атаандаштык артыкчылыгынан. Компаниянын эмгек жамааты өзгөрүүлөрдөн тайсалдабастан, аларга карата шайкен чара көрүү менен андан ары жигердүү эмгектенип, иш натыйжалуулугун арттыруу үчүн инновациялык чечимдерди кабыл алып, кардарлардын ишенимине ээ болуп келе жатат.

«Аманат Кредит» иши туруктуу жөнгө салынган финансылык институт катары төмөнкүлөргө жетишүү аракетин көрүп келет:

  • заманбап санариптик технологияларды колдонуу менен өз кардарларынын керектөөлөрүн толук канааттандырууга жетишип, ыргактуу өсүштү камсыз кылууга;
  • аймактык түйүндөр чөйрөсүн жана онлайн кызмат көрсөтүүнү кеңейтүү аркылуу, кардарларына жакындан жардам, ишенимди колдоо көрсөтүү;
  • кардарлар жана өнөктөштөр менен өз ара пайдалуу кызматташууну камсыз кылуу;
  • кардарларга, акционерлерге, кызматкерлерге жана бүтүндөй коомго пайда алып келүү.