Төлөө күнүн кантип которууга болот

Карыз алуучу кат жүзүндөгү өтүнүч менен кредит берген түзүмдүк бөлүмдүн менеджерине кайрылууга тийиш. Мында мурда бекитилген графикти өзгөртүүгө түрткү берген себептерди ырааттуу чагылдырып, жаңы (ал үчүн ыңгайлуу болгон) графикти көрсөтүү зарыл. Келип түшкөн кайрылуунун негиздүүлүгү аныкталган шартта, Компания мурда бекитилген төлөө графигин кайрадан карашы мүмкүн.