Вопросы и ответы
-
- Киреше кайсыл валютада түшсө, ошол валютада кредит алуу;
- Пайыздар негизги сумма калдыгына чегериле тургандыгын;
- Төлөм төлөнгөндөн киийн берилген документти (квитанцияны) кылдат текшерип, аны кредит толук төлөнгөнгө чейин сактап коююу зарылдыгын;
- Талаш маселе келип чыккан шартта биринчи кезекте кредит алган кредиттик уюмга кайрылуу керек экендигин.
-
- Төлөмдөрдү өз учурунда төлөп туруу зарыл – ушунун өзү төлөм тартибинин сакталышынын далили. Ал эми бир аз эде кечиктирүүлөр да катталып, кредиттик таржымалда сакталып калышы мүмкүн
- Төлөм төлөнгөндүгүн тастыктаган документти (квитанцияны) сактап коюп, кредиттик карыздын жоктугу тууралуу маалым катты алуу зарыл;
- Бир нече кредит алып, үстү үстүнө карыз болууга жол бербестен, кредитти төлөө мүмкүнчүлүгүнө алдын ала баа берип, салмактап көрүү менен гана кредит алуу чечимин кабыл алуу зарыл;
- Кредтти төлөөгө байланыштуу кандайдыр бир көйгөйлөр келип чыккан шартта, кредиторго кайрылуу оң.
-
- Бюджет үчүн жоопкерчиликтүү болгон адамдын жоктугу;
- Планда каралбаган сатып алуулар;
- Узак мөөнөткө каралган пландын жоктугу;
- Чыгашаларды пландаштырылган бюджетке ылайык жүргүзүү зарыл;
- Бюджетти мезгил-мезгили менен карап чыгып, оңдоолорду киргизип туруу талап кылынат.
-
- Бардык банктар жана финансы-кредиттик уюмдар "ИШЕНИМ" кредиттик-маалыматтык бюросунун өнөктөшү болуп саналышат.
- Төлөмдөрдү төлөө кечиктириле турган болсо, ишенимден чыккан карыз алуучу катары кардар тууралуу маалымат Кыргызстандын бардык банктарына жана финансы уюмдарына маалым болот.
- Демек, бул Кыргыз Республикасынын кайсыл болбосун банкынан жана кредиттик уюмдарынан андан ары кредит ала албай калуу кесепетинин келип чыгышын шарттайт.
- Ишенимдүү карыз алуучу катары кадыр-баркыңарды, абройюңарды сактоону өтүнөбүз!
Задайте свой вопрос
*Все сообщения обрабатываються и рассматриваются в течении рабочих 48 часов.