Аманат Кредит IFC колдоосу менен исламдык турак жай каржылоосун ишке киргизди

Аманат Кредит микрокредиттик компаниясы International Finance Corporation (IFC) колдоосу менен Кард Хасан жана Истиснаа шариат принциптерине негизделген исламдык турак жай каржылоо продуктусун ишке киргизди.

2025-жылдын июль айынан бери жүргүзүлүп жаткан пилоттук мезгилде компаниянын бардык кеңселери аркылуу 53 миллион сомдон ашык суммага 530дан ашык каржырлоо берилди. Программа кардарларга исламдык баалуулуктарды сактоо менен турак жайларын оңдоого жана жакшыртууга мүмкүнчүлүк берет.

 

«Биз социалдык пайдалуулук менен шариат принциптерине берилгендикти айкалыштырган инструментти сунуштап жатканыбызга кубанычтабыз», — деди Мырзаибраимов С., Шариат кеңешинин төрагасы.

«Бул кадам адилеттүү жана жеткиликтүү каржылоону каалаган үй-бүлөлөр үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат», — деп белгиледи Омурзакова Г., Аманат Кредит компаниясынын аткаруучу директору.

вернуться назад